Депутат гараждык амнистияны сунуштады

07.12.2022, 13:16 Акчабар
Депутат гараждык амнистияны сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев гараждык амнистия жана гараж ээлери менен ижара келишимин түзүүнү сунуштады. 

Бекешев 1960-80-жылдары бөлүнгөн гараждык кооперативдердин өкүлдөрү ага кайрылганын билдирди.

“Бул гараждар унаа токтотуучу жай үчүн эле эмес, буюмдарды сактоо үчүн да бөлүнгөн. Ал учурда батирлер кичинекей болчу. Эми жердин жоктугуна байланыштуу мэрия муниципалдык менчик болгондуктан жерди басып алуу процедурасын баштады”, - деди депутат.

Анын айтымында, эртең Бишкекте буга байланыштуу көйгөй башталат. Учурда 50 миңден ашык адам короолоруна машиналарын коёт.

“Унаа токтотуучу жайлар аз, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар жок. Унаасы барлар менен жоктордун ортосунда кагылышуу болот”, - деп эскертти Бекешев.

Ал ошондой эле, Бишкекте үйлөрдүн массалык түрдө курулушу шаардын инфраструктурасынын начарлашына алып келерин белгиледи. 

“№ 11-кичирайондо гараждык кооперативден жер алынып, жеңилдетилген ипотека менен көп кабаттуу үйлөрдү курууну пландап жатышат. Ал эми бул үйлөрдө жашай турган балдар кайда окушат? Кайсы ооруканаларда адамдар дарыланат, почта бөлүмдөрүн кимдер орнотушат? Мунун баары мамлекет тарабынан каржыланат. Министрлер кабинети жыл сайын Бишкекке 15-20 мектеп курууга акча бөлө албайт”, - деди эл өкүлү.

Анын айтымында, курулуштар бир гана Бишкекке эмес, өлкөнүн аймактарына да керек.

“Бишкектин инфраструктурасы мындан ары туруштук бере албайт. Гаражга мунапыс жарыялоону, гараждын ээлери менен ижара келишимин түзүп, аларды салык төлөөгө милдеттендирүүнү сунуштайм”, - деп сөзүн жыйынтыктады Дастан Бекешев.

 

Тэги: новости Кыргызстана гаражные кооперативы Бекешев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу