“Балага сүйүнчү” жөлөк пулун 50 миң сомго чейин көтөрүү сунушталды

30.09.2022, 13:49 Акчабар
“Балага сүйүнчү” жөлөк пулун 50 миң сомго чейин көтөрүү сунушталды

Депутат Надира Нарматова Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде өткөн көчмө жыйында социалдык жөлөк пулдарды берүүнүн жол-жобосун кайра карап чыгуу, балага сүйүнчү боюнча жөлөк пулдун өлчөмүн 50 миң сомго чейин көтөрүү маселелерин көтөрдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Нарматова жалгыз бой энелерге жардам берүү программасын иштеп чыгуу маселесин көтөрдү. Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча депутат диаспоралардын, активисттердин жана социалдык тармактардын жардамы менен эмгек мигранттарынын укуктарын маалымдоо иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.

“Биздин жарандар өздөрүнүн укуктарын билиши керек жана суроолоруна так жооп алышы керек”, - дейт ал.

Талкууда депутат Кундузбек Сулайманов эмгек мигранттарынын балдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы маселелерди белгиледи. Ал кошумчалагандай, ата-энелердин бири эмгек миграциясына кеткенде министрлик үй-бүлөгө социалдык жөлөк пул берүүнү токтотот. Буга байланыштуу жөлөк пул берүү тартибин карап чыгуу зарыл.

Депутат Таалайбек Сарыбашов жакырчылыктын деңгээли, өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселени көтөрдү. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жакырчылыктын деңгээли 33% экенине жооп берип, министрлик ишке ашырып жаткан социалдык долбоорлорго токтолду.

Депутат Камила Талиева төрөт көйгөйлөрүнө, өлкөдө мамлекеттик демографиялык саясатты ишке ашыруу зарылдыгына көңүл буруп, учурда 1000 сомдон гана жөлөк пул алгандыктан, Баатыр энелерге жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Депутат Жамиля Исаева аймактарда жаштарды ишке орноштуруу, өлкөдөгү жумушсуздукту азайтуу маселелерин көтөрдү.

Тэги: Камила Талиева Жогорку Кенеш балага сүйүнчү пособие

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу