Дастан Бекешев майыптыгы бар жарандарга бюджеттен каражат бөлүүнү суранды

01.12.2022, 15:42 Акчабар
Дастан Бекешев майыптыгы бар жарандарга бюджеттен каражат бөлүүнү суранды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин өкүлү Алмазбек Абытовдон мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көйгөйүнө көңүл буруп, алардын муктаждыктарына республикалык бюджеттен каражат бөлүүнү суранды. 

“Бүрсүгүнү, 3-декабрда майыптардын эл аралык күнү белгиленет. Тилекке каршы, биз аларга дагы эле жетиштүү көңүл бурбай жатабыз. Министрлер кабинети алардын жөлөк пулун көтөрүүдө. Бирок муну менен эле чектелбеш керек. Ушул убакка чейин бизде эски инфраструктура менен калган. Мыйзамда көрсөтүлгөнү менен инклюзивдик билим берүү жок. Репетиторлор жана фонддор аутист адамдар үчүн өтө кымбат баада сабактарды беришет. Реабилитациялык борборлор жок. Угуусу начар жарандардын жогорку билимге мүмкүнчүлүгү жок. Министрлер кабинети сурдокотормочулардын кызматына мыйзамда каралганына карабай акча төлөбөйт. Азырынча кыргыз жаңдоо тили жок. Министрлер кабинети бул жолу жок дегенде угуп, 2023-жылдын бюджетинен майыптар үчүн бир аз каражат бөлүп берет деп ишенем”, - деди Бекешев.
 

 

Тэги: новости Кыргызстана Жогорку Кенеш КР ЛОВЗ инфраструктура бюджет Бишкека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу