Парламентте Токтогул ГЭСинин жаңылоо иштери бүтпөгөнү талкууланды

14.12.2022, 11:30 Акчабар
Парламентте Токтогул ГЭСинин жаңылоо иштери бүтпөгөнү талкууланды

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев пандемиядан улам Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери аягына чыга электигин депутаттарга түшүндүрдү.

Анын айтымында, ГЭСтеги бардык иштер 2021-жылдын ноябрь айында бүтүшү керек болчу. Бирок пандемия маалында ГЭСке ташылып жаткан жабдуулар Кытай менен чек ара маселесинен кечигип келген. Буга байланыштуу пландалган иштерди өз убагында бүтүрүүгө мүмкүн болгон жок.

Депутат Кундузбек Сулайманов бул иште Энергетика министрлиги эмне үчүн подрядчы “General Electric” компаниясына каршы доо арыз менен кайрылбай жатканын сурады.  

Министрдин орун басары бул суроого жооп бере алган жок, бирок ал подрядчыга каршы 7 миллион долларга чейин талап кылган доо арыз буга чейин департамент тарабынан даярдалганын түшүндүрдү.

 

Тэги: новости Кыргызстана министерство энергетики Жогорку Кенеш КР реконструкция модернизация Токтогульская ГЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу