Депутаттардын жылдык маянасы тышкы карыздын 0.01% жабат

26.10.2020, 12:15 Акчабар
Депутаттардын жылдык маянасы тышкы карыздын 0.01% жабат

Өткөн жумада финансы министрлиги ведомстволук классификация аралык кассалык планды чыгарган. Документке ылайык, Жогорку Кеңештин октябрь айындагы чыгашасы 40 млн 614.2 миң сомду түзгөн. Анын ичинен эмгек акыга канча сумма бөлүнөрү белгисиз. Мурунку маалыматтарга таянсак, эмгек акынын көлөмү ЖКнын жалпы чыгашасынын 80% түзөт.

Кийинчерээк министрлик сайттан кассалык план тууралуу маалыматты өчүрүп койгон. Бул айрым депутаттардын демилгесинен улам болушу мүмкүн. Себеби, жакынкы күндөрү VII созыв шайлангычакты депутаттар акысыз иштесин деген сунуштар айтылган. Бул сунушка айрым депутаттар макул болсо, айрымдары каршылыктарын билдиришкен.

Мыйзамга ылайык, депутататтын  кошумча бизнес же кошумча киреше булактары жок болушу керек, - деп билдирген парламент өкүлү Евгения Строкова. «Демек, депутаттын жалгыз киреше булагы – бул анын эмгек акысы. Муну менен катар эмгек акыдан баш тартуу тууралуу дагы сөздөр болуп жатат. Менде суроо, мен анда кайсы кирешеге жашайм?», - деп билдирген Строкова.  

Депутат Айнура Алтыбаеванын айтымында, парламент мүчөлөрүнүн базалык кирешеси 25.5 миң сомду түзөт. Эгерде депутаттардын эмгек акысын кыскартса, бюджет 36.7 млн сомго же курска ылайык (80.74) жарым миллион долларга  экономдолот. Эгерде бул акчанын баарын тышкы карызды жабууга жумшаса, анда 9000/1 бөлүгүн же 0.01% жаба алат.

2020-жылга карата бекитилген бюджетке ылайык, Жогорку Кеңешке 694.8 млн сом (8.6 млн $) бөлүнмөк. Бул 10% кыскаргандан кийин. Бул каражаттар  эки тараптуу насыяларды жабууга (2020-жылдын июнь айынын аягында 7.92 млн $ ) жетет.

Тэги: бюджет чыгаша Депутат эмгек акы Айнура Алтыбаева Евгения Строкова

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу