Депутаттар кичи жана орто бизнес үчүн соцфондго чегерүүлөрдү кыскартууну жактырышты

20.09.2022, 10:36 Акчабар
Депутаттар кичи жана орто бизнес үчүн соцфондго чегерүүлөрдү кыскартууну жактырышты

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” жана “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап, үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы түзөтүүлөрдүн милдети чакан жана орто бизнести колдоо жана аларды экономиканын көзөмөлгө алынбаган секторунан чыгаруу экени белгиленет.

Комитет мүчөсү Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында түшүндүргөндөй, жүгүртүүсү жылына 30 миллион сомдон ашпаган, иштегендердин саны беш жана андан көп адам болгон ишкерлер үчүн Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү кыскартылат.

“Мен ошондой эле кооперативдерге, фонддорго, коомдук бирикмелерге тарифтерди 0,25% төмөндөтүү сунушун киргиздим, башкача айтканда, коммерциялык эмес сектор Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунан кармалбайт”, - деп кошумчалады депутат.

Белгилеп кетсек, тарабынан өзгөртүүлөр киргизүү демилгеси Министрлер кабинети көтөрүлгөн.

Тэги: соцотчисления малый и средний бизнес новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу