Депутаттар «Мегакомду» сатуу боюнча министрлер кабинетинин демилгесин колдошту

30.07.2021, 15:25 Акчабар
Депутаттар «Мегакомду» сатуу боюнча министрлер кабинетинин демилгесин колдошту

Жогорку Кеңештин 29-июлундагы жыйынында депутаттар MegaCom мамлекеттик операторун сатуу боюнча министрлер кабинетинин токтомун кабыл алышты. Бул тууралуу ЖКнын сайтында маалымдалды.

Мамлекеттик операторду сатууга 82 депутаттын 80и добуш берди. Мамасадык Бакиров менен Улугбек Ормонов каршы чыгышты.

Ага чейин Маммүлктүн башчысы Мирлан Бакиров MegaCom компаниясынын потенциалдуу сатып алуучусу Улуттук банк болуп калышы мүмкүн экендигин айткан.

Компания канчага бааланары азырынча белгисиз. Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчи орун басары Медер Машиевдин айтымында, муну менен комиссия жана жалданган көз карандысыз баалоочулар алектенет.

"Алты жыл мурун ЖАК 19 миллиард сомго бааланган (ред: 2015-жылдагы орточо курс боюнча 295 миллион доллар). Бул баада кардарлардын жоктугунан аукцион болгон эмес. Ушундан кийин, 25% кошумча акы төлөнгөн, бирок андан кийин да бир дагы талапкер болгон эмес. Эми компаниянын баалоосунан кийин биз аны соодалашууга коёбуз, - деди "Акчабарга"Машиев.

Улуттук банк бул боюнча мамлекеттик компанияны жалпы негизде сатып алуу сунушталаарын айтты.

"Ачык бюджет" порталынын маалыматы боюнча, 2011-жылдан 2021-жылдын 29-июлуна чейин (2020-жылды кошпогондо) төлөмдөр жана салыктар түрүндө казынага 27 миллиард 933 миллион 996,3 миң сом түшкөн. Анын ичинен дивиденд түрүндө, жалгыз акционер катары мамлекет 4 миллиард 599 миллион 693,7 миң сом алган.

Тэги: приватизация госимущество MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу