Жогорку Кеңештин депутаттары борбор калаанын көчөлөрүндө ири көлөмдөгү жүк ташууга тыюу салууну сунушташты. Бул тууралуу бүгүн парламентте "ар кандай" темаларды талкуулоо учурунда айтылганы белгилүү болду.
[жаңылыктар 34096]
Парламентчилердин пикири боюнча, бул чечим жол катмарын пайдалануунун узактыгын көбөйтүүгө жардам берет.
"Бишкек шаарында жолдорду курууга жана реконструкциялоого канча каражат кетерин өзүңүздөр жакшы түшүнүп жатасыздар, бирок оор автоунаа транспорттору жолдорду бат эле бузуп салат", - дешти депутаттар.
Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө тиешелүү жол кызматтары Бишкек-Ош унаа жолунун Таш-Көмүр шаарына жакын жайгашкан Разан-Сай тилкесиндеги суунун агылышын токтотууга чакырышты.