Баткен облусун калыбына келтирүүгө 210 млн сом багытталат

20.09.2022, 09:56 Акчабар
Баткен облусун калыбына келтирүүгө 210 млн сом багытталат

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети министрлер кабинетинин 310 миллион сомго чыгымдоосун макулдашты. Каражаттын басымдуу бөлүгү Баткен облусун калыбына келтирүүгө жумшалат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусун калыбына келтирүүгө 210 миллион сом каралса, дагы 57 миллион сом аймактагы маданият мекемелерин кармоого каралган.

“Буга чейин Баткендеги китепканалар жана клубдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып келген”, - дейт Дастан Бекешев.

Мындан тышкары, Түндүк системасын кармоого 31,6 миллион сом, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата иш-чараларды уюштурууга 19,5 миллион сом багытталат.

“Эстеликке (12 миллион) жана 15 томдук эмгекти 500 нускада (7,5 миллион) басып чыгарууга акча бөлүнгөн. Маданиятты колдоо керек деп эсептейм, бирок чыгымдар өз убагында эмес. Бир-эки айга жылдырса болмок”, - деп эсептейт депутат.

Тэги: новости Кыргызстана восстановление инфраструктуры Жогорку Кенеш Дастан Бекешев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу