Кыргызстанда буу менен жылытуу системасы ойлонуп табылды

29.03.2019, 18:00 Акчабар
Кыргызстанда буу менен жылытуу системасы ойлонуп табылды

Буу  менен  иштетилген жылытуу сстемасынын артыкчылыгы бул — энергоэффективдүүлүгү. Жылытуу маалында электр энергиясы үнөмдөлөт. Инновациялык долбоордун автору —техника илимдеринин доктору, ЖАГУнун  профессору Абдиумаматкадыр Аширалиев. Окумуштуунун ойлоп табуусу өзү иштеген окуу жайда орнотулуп, элге тааныштырылды. 

Ойлоп табуунун бет ачаары Жалал-Абад шаарында  28-марта өттү (ЖАГУ).

«Инновациялык долбоор энергоэффективдүүлүгү  менен айырмаланат. Анда жылуулук айлантуу системасы жакшырытылган»—деп билдирди Аширалиев.

Сунушталган жылытуу  системасы  «буу камерасында жылытуу» принциби менен иштейт. Аны иштетүүдө аз эле суу колдонулуп, түтүктүн ичинде  калдыктын чогулуусу дагы аз болгондуктан, жылуулукту кармоо 100° С  анчалык деле кыйын эмес. Бул электр энергиясын үнөмдөйт.   

Окумуштуунун жаңы ойлоп табуусу Кыргызпатент уюштурган  «Эң мыкты инновациялык долбоор» республикалык сынагында жеңишке жетишти. Сыйлык катары ведмство бул долоорду ишке ашырууга грант берди.  ЖАГУнун окумуштуулар кеңешинде   №7  копусуту дал ушул система аркылуу жабдуу кабыл алынып,  орнотулду. Система ийгиликтүү сыноодон өттү.  Эми ЖОЖ жетекчилиги бул системаны башка корпустарга орнотууну пландаштырып жатышат. 

Долбоор менен  Жалал-Абад  областык администрациясы, шаардык мэрия, «Жалал-Абадэлектро» ишканасы менен  жогорку чыңалуудагы электротүйүн  Жалал-Абад ПВЭС дагы кызыгып жаткан учуру. Мындан тышкары Сузак районунун  айрым мектептери менен бала бакчалары бул  жылытуу системасынын автору менен кызматташууга даяр. . 

Тэги: инновации Кыргызпатент Изобретение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу