Былтыр 2022-жылы дүйнөдө 10,5 млн электро мобилдүү унаалар сатылган. Алардын 6 млн Кытайда сатылган. Бул тууралуу World Economic Forum жазды.
Ошол эле учурда, күйүүчү-майлоочу май менен иштөөчү автоунааларды сатуу жана сатып алуу акыркы беш жылда төрттөн бирге азайган.
Учурда электро мобилдүү унааларды сатып алуу тармагында Кытай лидерлик кылууда. 2022-жылы Кытайда сатылып алынган ар бир төртүнчү унаанын бирөөсү электро мобилдүү унаа болгон.
Серепчилердин айтымында, электро мобилдүү унааларга өтүү климаттык өзгөрүүлөр менен күрөшүүдө позитивдүү аракет болгону менен, атмосферадагы зыяндуу глобалдык көмүр кычкыл газынын (CO2) бөлүнүп чыгышын ооздуктоо үчүн жетишсиз.
“Selectra Climate” изилдөөсүнө ылайык, 2022-жылы көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыккан эң алдыңкы үч өлкө: