Мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча Кыргызстан дүйнөдө 79-орунда турат. Бул тууралуу “Speedtest Global Index” маалыматында айтылат.
Ага ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда Казакстан (63-орун), андан кийин Кыргызстан (79-орун) жана Өзбекстан (101-орун) турат.
Тажикстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 139-орунда.