Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы быйыл 5%га кыскарышы мүмкүн

12.04.2022, 14:26 Акчабар
Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы быйыл 5%га кыскарышы мүмкүн

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы беш пайызга кыскарып, инфляция 15%дан жогорулашы мүмкүн экенин болжолдоодо. Банк экономиканын начарлашына Украинадагы аскерий аракеттер жана Орусияга салынган санкциялар бүткүл дүйнөнүн экономикасына сокку уруп жатканы менен байланыштырган.

Дүйнөлүк банктын баяндамасында дүйнөдөгү акыркы кырдаал Европа жана Борбор Азиянын жаңы экономикасы өнүгүп келе жаткан мамлекеттерине эки эсе катуу таасир берери айтылат.

“Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы 5%га кыскарат деп болжолдонууда, инфляция 15%дан жогорулашы мүмкүн. Ошондой эле керектөөнүн жана инвестициянын кыскарышы, акча которуулардын азайышы менен шартталат. Кырдаал турукташып, инвестиция келе баштаса, 2023-жылы өсүш 3,2%га чейин калыбына келери күтүлүүдө”,- деп айтылат докладда.

Ошондой эле Дүйнөлүк банк 2022-жылы экономикалык каатчылык Орусия (-11,2%)  менен Украинада (-45,1%) гана эмес, Беларусияда (-6,5%), Молдовада (-0,4%) жана Тажикстанда (-1,8%) болорун болжолдоодо. Казакстан, Армения, Өзбекстан жана Борбор Азия менен Европанын башка өлкөлөрүндө өсүш болгону менен күтүлгөндөн бир топ төмөн болушу мүмкүн экенин белгилеген.

Тэги: дүйнөлүк банк инфляция. экономикалык каатчылык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу