Дүйнөлүк экономиканын 1,7%га төмөндөшү болжолдонууда

11.01.2023, 15:40 Акчабар
Дүйнөлүк экономиканын 1,7%га төмөндөшү болжолдонууда

Быйыл дүйнөлүк экономиканын өсүшү 1,7%га басаңдайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын “Дүйнөлүк экономиканын өнүгүү перспективалары” тууралуу баяндамасында айтылат. 

Маалыматка ылайык, алты ай мурун бул көрсөткүч 3%га болжолдонгон. Дүйнөлүк банктын серепчилери экономикалык өнүгүүнүн басаңдашын төмөнкү себептер менен байланыштырууда;

  • жогорку инфляция жана аны кармап туруу үчүн борбордук (улуттук) банктар тарабынан жогорку пайыздык чендер;
  •  инвестицияларды кыскартуу;
  • Украинадагы окуялардан улам экспорттук ташып келүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы. 

Баяндаманын авторлору инфляциянын күтүлгөндөн жогору болушу, аны кармап туруу үчүн пайыздык чендердин кескин жогорулашы, COVID-19 пандемиясынын кайра жанданышы же геосаясий тирешүүлөрдүн күчөшү сыяктуу ар кандай жагымсыз жагдайлар дүйнөлүк экономикадагы рецессияга алып келиши мүмкүн экенин белгилешет. Бул акыркы 80 жылда биринчи жолу бир эле он жылдын ичинде эки дүйнөлүк рецессия болгондугун билдирет.

Кошумчалай кетсек, өнүккөн экономикалардагы өсүш 2022-жылдагы 2,5%дан 2023-жылы 0,5%га чейин басаңдайт деп болжолдонууда. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу