Дүйнөлүк сооданын көлөмү 3,2% төмөндөдү

26.09.2023, 11:40 Акчабар
Дүйнөлүк сооданын көлөмү 3,2% төмөндөдү

Ушул жылдын июль айында дүйнөлүк соода дээрлик акыркы үч жылдагы эң ылдам динамика менен төмөндөдү. Бул тууралуу "Дүйнөлүк соода уюмуна" таянып чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Быйыл июлда дүйнөлүк сооданын көлөмү өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 3,2%га кескин төмөндөдү. Мындай төмөндөө акыркы ирет 2020-жылы август айында коронавирус пандемиясы учурунда болгон. 

Эскерте кетсек, уюм быйыл апрель айында дүйнөлүк соода  2023-жылы 1,7%га өсөрүн, 2024-жылы 3,2%га чейин көтөрүлөрүн болжолдогон.

Анда уюм алдыңкы убактагы тобокелдиктер, анын ичинде геосаясий чыңалуу, азык-түлүк коопсуздугу, монетардык катаалдаштыруудан келип чыккан мүмкүн болуучу финансылык туруксуздук жана карыздын деңгээлинин жогорулашы сыяктуу факторлорго көңүл бурган. 

2022-жылы товардык баалардын өзгөрүүсү инфляцияга жана соода көлөмүнө чоң таасирин тийгизген. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу