Кыргызстанда турак жайга ээ болуу үчүн 10 жыл акча топтоо керек

23.07.2019, 12:00 Акчабар
Кыргызстанда турак жайга ээ болуу үчүн 10 жыл акча топтоо керек

Кыргызстандык үй-бүлө  турак жайга ээ болуу үчүн 10 жыл акча топтошу керек. Улуттук статкомдун маалыматына таянып, орточо айлык акы 16 миң 20 сомдү үй-бүлөдө эки адам иштейт деп алсак анда  айына 32  миң  сом киреше табылат. Бул орточо айлык акы менен он жылдап турак жайга акча чогултуу зарыл.

Анткени, Бишкекте  турак жайлуу болуу үчүн  2.2 млн сом  керек. Аны Улуттук банктын курсу ($31.6 миң) деп алсак, анда 18.9 минден айына топтоп, аны  10 жыл чогултуу керек.  Ал эми жашоо минимуму  13 миң сом турат. Ал эми үй-бүлөдө балдар болсо, чектеп жашоо кыйынга турат. 

Эгерде орточо кирешелүү үй-бүлө коммерциялык банктардан ипотека алса (Мамлекеттик ипотеканы эске албай), анда аларга насыя берилбейт. Банктардагы минималдык  жылдык пайыз 18% болот. Эгерде 2 млн сомду  10жылга болсөк, анда 21 мин сомдон төлөө керек.  Ал эми насыя берген тарап жашоо минимумун эсе алып, үй бүлөнүн кирешеси  36.5 миңден көп болушун талап кылат. 

Эгерде акча чогултуу мөөнөтүн европа өлкөлөрүнө салыштырсак  анда кыргызстандыктар чехтер менен бирде убакта үйлүү болушат.

Тэги: жилье ипотека накопления

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу