Чет элдик инвесторлор үчүн бир катар мыйзамдар англис тилине которулат

24.05.2022, 12:06 Акчабар
Чет элдик инвесторлор үчүн бир катар мыйзамдар англис тилине которулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигине Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актыларынын англис тилиндеги котормосун даярдоону тапшырды.

Бул демилге чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жөнүндө зарыл жана маанилүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана өлкөнүн инвестициялык климатына оң таасирин тийгизет.

Чечимге ылайык, Кылмыш-жаза кодекси, Укук бузуулар жана Салык кодекстери, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдар жана инвестиция жаатындагы башка ченемдик укуктук актылар англис тилине которулат.

Документтер которулгандан кийин тексттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан таанылган расмий котормо катары бекитилет.

Тэги: законы английский язык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу