Оштогу ишканалар үчүн инвестициялык паспорттор иштелүүдө

20.10.2021, 12:00 Акчабар
Оштогу ишканалар үчүн инвестициялык паспорттор иштелүүдө

Инвестициялар министрлиги Ош облусунун ишканаларынын өкүлдөрү менен инвестициялык паспортторду иштеп чыгуу боюнча бир катар жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик инфраструктуралык долбоорлор, ошондой эле МЖӨ чөйрөсүндө бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн инвестициялык паспортторду жана тизерлерди андан ары өнүктүрүү максатында региондун инвестициялык муктаждыктарын изилдейт.

19-октябрда Ишкердикти колдоо борборунун кеңсесинде ишкерлерге инвестициялык паспорттун жана тизердин структурасы презентацияланды. Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлерге жогоруда аталган документтерди иштеп чыгуу боюнча негизги консультациялар да берилди.

Ош шаарынын жана Ош облусунун бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуулар 22-октябрга чейин өтөт. Бул саамалык ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жардамы менен ишке ашууда.

Тэги: инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу