Кара-Суу айыл аймагы экскаватор сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Маалыматта Нарын облусунун Кочкор районундагы бийик тоолуу Мантыш айылына экскаватор керек экени айтылат.
Пландаштырылган сумма 10 млн сомду түзөт. Жабдууларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү 28-ноябрга чейин.