ИИМдин Күзөт кызматы жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Маалыматта тендердин суммасы 17 млн 290 миң сомду түзөт. Сатуучуга арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 14-май.
Товарды жеткирүү мөөнөтү келишимге кол коюлган күндөн тарта 60 күн.