2026-жылга чейин “Кыргызавтожол” 4,8 млрд. сом өлчөмүндө каржылоо алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Каржы министрлиги билдирди.
Каражат мамлекеттик ишкананын жол куруу техникаларынын паркын жаңылоого жумшалат. 2023-жылы мамлекеттик ишкана жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 1,3 млрд. алат.
Эске салсак, өткөн жылы республикалык бюджеттин эсебинен 20 миң тонна битум жана 32 даана жол куруу техникасы алынган.