Кыргызстан жарым млрд сомдук мамлекеттик облигацияларды төлөшү керек

28.10.2022, 16:36 Акчабар
Кыргызстан жарым млрд сомдук мамлекеттик облигацияларды төлөшү керек

Быйыл Кыргызстандын үч жана беш жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жана 12 айлык векселдерин төлөө боюнча милдеттенмелери бар.

Өлкө жыл аягына чейин төлөп берүүгө тийиш болгон милдеттенмелердин жалпы суммасы 548 миллион 678 миң сом. Анын 192 миллион 480 миң сому вексель боюнча, 340 миллион сому 5 жылдык жана 16 миллион 198 миң сому 3 жылдык облигациялар боюнча.

Ошону менен бирге, ноябрда 44 миллион 578 миң сомдук векселдерди жана 3 жылдык мамлекеттик облигацияларды, ал эми декабрда 5 жылдык облигациялар жана векселдер боюнча 504,1 миллион сомду төлөө зарыл.

Тэги: новости Кыргызстана внутренний долг госбумаги бюджет экономика деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу