Транспорт маселесин чечүү үчүн жыл аягына чейин газ кыймылдаткычы бар 1,5 миң жаңы автобус сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
Ал ошондой эле экологиялык жактан таза күйүүчү майы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шартталган 120 автобус борбор калаага келгенин белгиледи.
Мындан тышкары, канализация жана коллектордук курулуш иштеринде автотранспортчулардын өтүүсүнө ыңгайсыздык жаратпоо үчүн "Бишкексууканал" ишканасына үч нөөмөт менен иштөө тапшырмасы берилгенин билдирди.