Улуттук банк 24-декабрда 10 жылдык мөөнөттөгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион болорун билдирди.
Ал эми эмиссиянын пландаштырылган көлөмү 1,3 миллиард сомду түзөт. Баалуу кагаздар боюнча купондук кирешелүүлүк 8% өлчөмүндө белгиленген.
Кошумчалай кетсек, 20-декабрга карата Кыргызстандын мамлекеттик 10 жылдык облигациялары аркылуу 16 миллиард 802 миллион 627 миң сом карызы бар.