Каржы министрлиги өлкө ичинде 1,5 млрд сом карыз алууну көздөп жатат

15.03.2023, 12:44 Акчабар
Каржы министрлиги өлкө ичинде 1,5 млрд сом карыз алууну көздөп жатат

Улуттук банк 17-мартта 10 жылдык мөөнөттөгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Пландаштырылган эмиссиянын суммасы 1,5 миллиард сомду түзөт. Купондук ставка — 8%. Купондук төлөмдөр жылына эки жолу – 22-сентябрда жана 22-мартта, сатып алуу күнүнө чейин белгиленет.

Кошумчаласак, 14-мартка карата Кыргызстандын 10 жылдык мамлекеттик облигациялар боюнча милдеттенмелери 27 миллиард 183 миллион 536,4 миң сомго бааланган.

Тэги: новости Кыргызстана Минфин бюджет госбумаги внутренний долг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу