Каржы министрлиги 1,2 млрд сом карыз алууну пландаштырууда

08.02.2023, 12:05 Акчабар
Каржы министрлиги 1,2 млрд сом карыз алууну пландаштырууда

Ушул жуманын аягына чейин Каржы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу ички рынокто 1 миллиард 160 миллион сом карыз алууну пландаштырууда.

Тактап айтканда, 9-февралда Улуттук банк министрликтин тапшырмасы менен 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Эмиссиянын көлөмү 60 миллион сом өлчөмүндө пландаштырылган.

Кошумчалай кетсек, 10-февралда 1,1 миллиард сомго 7 жылдык казыналык милдеттенмелерди жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Баалуу кагаздар боюнча купондук чен 7%ды түзөт. Купондук төлөмдөр жылына эки жолу 13-февралда жана 13-августта 2030-жылдын февраль айына пландаштырылган сатып алуу күнүнө чейин жүргүзүлөт.

Тэги: Минфин внутренний долг деньги госбумаги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу