14-15-апрелде Улуттук банк мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрөт. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында маалымдалды.
Алсак, 14-апрелде Улуттук банк 12 ай болгон мамлекеттик векселдерди жайгыштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Пландаштырылган чыгаруу көлөмү 100 млн сомду түзөт. 15-апрелде Финансы министрлиги 3 жыл болгон казыналык облигацияларды жайгаштыруу аркылуу дагы 200 млн сом алууну күтүүдө.
Кошумчалай кетсек, 11-апрелге карата Кыргызстандын ички карызы 71 млрд 721,2 млн сомду түзгөн.