Улуттук банк 9-10-декабрда мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрөт.
Тактап айтканда, 9-декабрда банк 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жайгаштырат. Мамлекеттик векселдердин эмиссиясынын пландаштырылган суммасы 160 миллион сомду түзөт.
10-декабрда болсо мамлекеттик казына облигацияларынын жүгүртүү мөөнөтү 15 жыл болгон соода уюштурулат. Аларды жайгаштыруунун эсебинен бюджетке 2 миллиард 50 миллион сом түшөрү пландалууда. Баалуу кагаздар үчүн купондук чен 9% түзөт.