Орусияда мунай жана газ конденсатын өндүрүү 2020-жылы 8,6% га кыскарып, 512,68 млн. тоннаны түздү. Мындай маалыматтарды Отун-энергетикалык комплексинин Борбордук диспетчердик башкармалыгы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, өткөн жылдын декабрь айында мунай өндүрүү 11,1% га азайып, 42,5 миллион тоннага жеткен. 2019-жылы рекорд коюлуп- өлкөдө 568 миллион тонна мунайзат жана конденсат өндүрүлгөн.
Кара алтын өндүрүшүнүн төмөндөшү ОПЕК + келишимине байланыштуу, ага катышкан мамлекеттер мунай өндүрүшүн күнүнө дээрлик 10 миллион баррелге кыскартышат.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.