"МАМ" ААКнын филиалдары Баткен облусунун жапа чеккен тургундарына бир күндүк эмгек акыларын которушту. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
"Манас Менеджмент Компани" ЖАКынын жана "Интэк" ЖЧКнын кызматкерлеринин 283 938 сом өлчөмүндөгү бир күндүк эмгек акысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында жапа чеккен мекендештерге колдоо көрсөтүү үчүн ыктыярдуу төгүмдөр үчүн атайын эсепке которулду.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 92 миллион 65 миң 924 сом КРнын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңсесинин атайын эсебине которулду.