“Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКтын жөнөкөй акцияларынын экинчи чыгарылышы мамлекеттик каттоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
“Кумтөр Оперейтинг Компани” 1993-жылы түзүлгөн, бирок 2014-жылы бардык операциялар “Кумтөр Голд Компани” ЖАКна өткөн.
Белгилеп кетсек, 2023-жылдын 16-июнунда “Кумтөр Оперейтинг Компани” Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн.