Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Владимир Норов “Өзбекстан – Азербайжан – Түркия” диалог форматынын биринчи отурумунда билдирди.
Белгилеп кетсек, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол линиясы кытайдын темир жолдорун Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга, андан ары Ооганстан, Иран жана Түркия аркылуу Европанын темир жол тармагына туташтырышы керек.
Өзбекстандын Тышкы иштер министри Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол коридорунун Транскавказ коридору менен байланышы бирдиктүү транспорт тармагын түзүп, Кытайдан Европага соода географиясын кеңейтет деп баса белгиледи.
“Ушул жылдын 15-16-сентябрында Самаркандда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде тиешелүү үч тараптуу документке кол коюу пландалууда”, - деп белгиледи Өзбекстандын тышкы иштер министри.