Алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылы мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 300 миллиард 500 миллион сомго жеткен. 2021-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр 43,2%га, же 90,7 млрд сомго өскөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
2022-жылы салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 229 млрд сомду түзүп, план 100,5%га аткарылган. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 77,8 млрд сомду, же 51,4%ды түзөт.
"Кирешенин көбөйүшү акциялардын мамлекеттик пакетинен тышкары чегерилген дивиденддердин, жер казынасын пайдалануу жана чалгындоо үчүн ижара жана жыйымдар, комиссиялар жана жыйымдар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн жыйымдар, туумдар жана башка салыктык эмес кирешелердин эсебинен болду", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Мындан тышкары, расмий гранттардын түшүүлөрү 19,5 млрд сомду түздү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 41,9%га, же 5,8 млрд сом көп.