Кече, 9-декабрда өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик 12 айлык мамлекеттик казына векселдеринин эмиссиясынын орточо алынган кирешелүүлүгү 8,5%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жарыяланды.
Белгилей кетсек, акыркы соодалоого салыштырмалуу кирешелүүлүк өзгөрүүсүз калган.
9-декабрга карата Кыргызстандын 12 айлык мамлекеттик векселдер боюнча милдеттенмеси 830 миллион 777 миң сомду түздү.