Улуттук банктын 24-мартта өткөзгөн аукционунун жыйынтыгында 7-, 14- жана 28 күндүк ноталардын кирешеси 4.45%, 4.91% жана 5.02% түздү.
Белгилей кетсек, 14 күндүк нотанын кирешеси эң жогорку көлөмдө катталган.
Кошумчалай кетсек, 26-мартта Улуттук банк 10 жылдык мөөңөттүү баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Эмиссиянын жалпы көлөмү 400 млн сомду түзөт.