Улуттук банктын 14 жана 28 күндүк ноталарынын кирешелүүлүгү жогорулады

30.03.2022, 09:54 Акчабар
Улуттук банктын 14 жана 28 күндүк ноталарынын кирешелүүлүгү жогорулады

Кечээ, 29-мартта Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк ноталарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын сайтында маалымдалды.

Улуттук банк жалпысынан кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу банк системасынан 3,2 млрд сомго ликвиддүүлүктү алууну пландаштырган.

Баалуу кагаздарды жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталар боюнча кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 13,17%, 13,32% жана 13,59%ды түздү. 23-мартта өткөн аукционго салыштырмалуу 14 жана 28 күндүк ноталар 0,01%га жана 0,09%га кымбаттап, 7 күндүк ноталар болсо 0,03%га төмөндөгөн.

Тэги: ноты банковская ликвидность деньги Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу