Улуттук банктын 7 жана 91 күндүк ноталарынын кирешелүүлүгү жогорулады

13.12.2022, 17:30 Акчабар
Улуттук банктын 7 жана 91 күндүк ноталарынын кирешелүүлүгү жогорулады

Бүгүн, 13-декабрда Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтына жарыяланды. 

Анын жыйынтыгында жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,50%, 12,24%, 12,59% жана 13,85%ды түздү.

Өткөн апта, 6-декабрдагы жайгаштырууга салыштырмалуу 7 жана 91 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 0,03% жана 0,07%га өстү.

Эске салсак, аукциондо Улуттук банк банк тутумунан 17,5 млрд сом ашыкча ликвиддүүлүктү алууну пландаган.

 

Тэги: новости Кыргызстана Нацбанк ноты Нацбанка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу