24-ноябрда өткөн Улуттук банктагы аукциондун жыйынтыгында, 7-, 14- жана 28 күндүк ноталардын кирешеси 3.96%, 4.37% жана 4.49% түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда өткөн аукционго салыштырмалуу 7 күндүк ноталардын кирешеси 0.02%, 14 күндүк ноталардыкы 0.09%, 28 күндүк ноталардыкы 0.04% жогорулаган.