Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун 12-октябрдагы жыйынтыгы боюнча 7, 14 жана 28 күндүк кыска мөөнөттүү баалуу кагаздардын орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 6,06%, 6,47% жана 6,82%ды түздү.
5-октябрда өткөрүлгөн аукционго салыштырмалуу ноталардын кирешелүүлүгү 7 күндүккө 0,02%га, 14 күндүкүнө 0,03%га жана 28 күндүкүнө 0,04%га төмөндөгөн.
Эске салсак, жайгаштыруунун пландаштырылган көлөмү 6,6 млрд сомду түзгөн.