Ушул жылдын 16-июнунда мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.
Ошентип, аукциондун жыйынтыгы боюнча 5 жылдык ГКОнун эмиссиясы боюнча кирешелүүлүк 16,29%ды түздү.
Эске салсак, аукциондо 6% купондук ставка менен 800 миллион сом тартуу пландалган.