Июль айында бюджеттин кирешеси 20,4 млрд сом өлчөмүндө пландаштырылган

15.07.2022, 15:33 Акчабар
Июль айында бюджеттин кирешеси 20,4 млрд сом өлчөмүндө пландаштырылган

Кыргызстандын Каржы министрлиги июль айынын кассалык планын жарыялады. Документке ылайык, ушул айда бюджеттик ресурстар 23 миллиард 692,5 миллион сом өлчөмүндө күтүлүүдө. Анын 20 миллиард 377,6 миллион сому бюджеттин киреше бөлүгү.

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн басымдуу бөлүгүн салыктык кирешелер түзөт (18,7 млрд. сом). Мамлекеттик салык кызматынын салымы 10 млрд 208,4 млн сом, Мамлекеттик бажы кызматынын салымы 8 млрд 508,5 млн сом өлчөмүндө күтүлүүдө.

Май айында бюджеттин салыктык эмес кирешелери 1 млрд 660,7 млн ​​сом деңгээлинде күтүлүүдө.

Июнь айына салыштырмалуу бюджеттик ресурстардын планы 15,2%га аз. Бул Салык кызматынан 129 миллион 194 миң сомго жана Бажы кызматынан 420 миллион 979 миң 800 сомго азайганына байланыштуу.

Муну менен бирге бюджеттин чыгашасы 17 миллиард 972,7 миллион сомду түзөт.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу