Кыргызстандын финансы секторундагы уюмдардын кирешелери 11%дан ашык жогорулады

29.12.2021, 12:19 Акчабар
Кыргызстандын финансы секторундагы уюмдардын кирешелери 11%дан ашык жогорулады

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын экономикасынын финансы секторунда 609 уюм иштеген. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

Анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 571 банктык эмес финансы-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы бар. 

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында алардын кирешесинин көлөмү 45 млрд 887,3 млн сомду түзгөн, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 11,4%га же 4 млрд 707,8 млн сомго көп. 

“Кирешенин негизги өсүшү банк сектору тарабынан 2,9 млрд сомго, микрокредиттик уюмдар – 828 млн сомго, ломбарддар – 659,4 млн сомго камсыздалган”,- деп жазган Улуттук статистикалык комитети. 

Кошумчалай кетсек, ошол эле мезгилде каржы секторунун чыгашалары 6,7%га өсүп, 31 млрд 171,5 млн сомду түзгөн.

Тэги: финсектор доходы расходы экономика Кыгызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу