Мамлекеттик бажынын беш айдагы кирешеси 23,5 млрд сомду түздү

21.06.2022, 10:40 Акчабар
Мамлекеттик бажынын беш айдагы кирешеси 23,5 млрд сомду түздү

Ушул жылдын январь-май айларында Бажы кызматынын тескеген кирешеси алдын ала маалыматтар боюнча 23 миллиард 408,4 миллион сомду түздү. Мындай маалыматты Каржы министрлиги билдирди.

Алсак, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн жана салыктарынын түшүүсү 7 млрд 589,2 млн сомго көбөйүп, же өсүү темпи 148%ды түздү.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында депутат Фарходбек Алимжанов 2020-жылы план аткарылбай калганын эске салды.

Каржы министри Алмаз Бакетаев мыйзамда план бар экенин ырастап, сөзсүз түрдө аткарылышы керек деген пикирин билдирди.

“Пландын аткарылышы квартал сайын текшерилип турат. Биринчи кварталда Мамлекеттик бажы кызматы апрель айында талаптарды аткарбагандыгы үчүн сөгүш алган. Алты айдан кийин текшерүү кайра өтөт. Ар бир аткарылбаган параметр үчүн жооптуу адам болушу керек”, - деди министр.

Тэги: таможня кр исполнение бюджета деньги Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу