Коммерциялык банктардын кирешеси 2021-жылы 36 миллиард сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 10,5%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Кыргызстанда 23 коммерциялык банк болсо, анын 20сы өткөн жылы киреше тапса, үчөө жылды чыгаша менен аяктаган.
Коммерциялык банктардын жалпы активдери 2021-жылдын акырына карата бир жыл ичинде 24%га өсүү менен 358 млрд сомду түздү.
Коммерциялык банктардын ачык кредит портфели жылдын жыйынтыгы боюнча 180 миллиард сомдон ашты жана 2020-жылга салыштырмалуу 11%га өстү. Насыя берүүнүн негизги багыттары соода, айыл чарба, керектөө муктаждыктары жана ипотека болгон.
2021-жылы банктар жеке адамдардын депозиттерине 17 миллиард сомдон ашык каражатты (чыкканды эске алуу менен) тартышты, бул алардын 2020-жылдагы көлөмүнөн төрттөн бирине көп. Калктын депозиттеринин калдыгынын көлөмү 2021-жылдын акырына карата 120 миллиард сомду түздү жана өткөн жылы 17%га өсүп, жалпы активдердин үчтөн биринен көбүн түздү.