Кыргызстандын мамлекеттик үлүшүнөн түшкөн киреше 3,5 эсеге өстү

02.06.2022, 09:00 Акчабар
Кыргызстандын мамлекеттик үлүшүнөн түшкөн киреше 3,5 эсеге өстү

Ушул жылдын январь айынан апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык акциялар пакети боюнча чегерилген дивиденддер түрүндө бюджетке 354 миллион 327,6 миң сом түшкөнүн Кыргызстандын Каржы министрлиги жазды.

Белгилеп кетсек, 2021-жылдын ушул эле мезгилинде мамлекетке 103 миллион 940,2 миң сом өлчөмүндө дивиденддер түшкөн. Муну менен мамлекеттик акциялар пакетинен түшкөн киреше дээрлик 3,5 эсеге өстү.

Буга чейин “Акчабар” жазгандай, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар ушул жылдын төрт айында бюджетке пайда түрүндө 225 миллион 245,9 миң сом которгон. Бул 2021-жылга караганда 15,7%га көп.

Тэги: госкомпании Кыргызстан дивиденды доходы бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу