Быйылкы “Манас” эл аралык аэропортунун кирешеси туунду компанияларды эсепке албаганда 3 миллиард 21 миллион сомду, чогуу алганда 3 миллиард 136 миллион сомду түздү. Бул тууралуу аба майдандын башкармалыгынын төрагасы – башкы директору Бакыт Шаршеев билдирди.
Ал кошумчалагандай, быйыл каржылык натыйжалар пандемияга чейинки деңгээлге гана калыбына келтирилбестен, андан да ашып кетти.
"2019-жыл компаниянын тарыхындагы эң жакшы жыйынтык болду, ал туунду компанияларды кошкондо 2,1 млрд сом киреше алган. Бирок биз пандемияга карабастан бул натыйжалардан ашып кеттик. Учурда кирешебиз 3 миллиард сомдон ашты. Белгилей кетсек, жыл аягына чейин дагы бир ай бар жана сандар өзгөрүшү мүмкүн", - деди Шаршеев.
Компаниянын жетекчиси каржылык көрсөткүчтөр, анын ичинде аба жүктөрүнүн эсебинен жогорулаганын түшүндүрдү. Пандемиянын айынан жер үстүндөгү транспорттордун жабылышынан улам жүк ташуучу каттамдар көбөйдү.