Республикалык бюджеттин кирешеси 235,3 млрд сомду түздү

02.01.2023, 11:00 Акчабар
Республикалык бюджеттин кирешеси 235,3 млрд сомду түздү

Алдын-ала маалыматтар боюнча, өткөн 2022-жылдын январь-ноябрь айларында республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 235,3 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү мезгилге карата жылдык план 99,2%га аткарылып, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин киреше бөлүгү 44,3%га, же 72,3 млрд сомго көбөйгөн.

Отчеттук мезгилде салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 181,9 млрд сомду түзүп, пландын 95,7%ын түзсө, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 63,2 млрд сомго, же 53,2%ды түздү.

Мамлекеттик салык кызматынын салыктык түшүүлөрү 116,4 млрд сомду түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелер 50,5%га, же 39 млрд сомго көбөйгөн.

Салыктык эмес кирешелер өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,4%га же 4,5 млрд сомго көбөйүү менен 41 млрд сомду түздү.

Мындай киреше булактарынын көбөйүшүнө байланыштуу бюджеттин чыгаша бөлүгү да көбөйүп, жалпысынан чыгаша бөлүгү 68 миллиард сомго көбөйгөн.

 

Тэги: республиканский бюджет новости Кыргызстана Экономика 2023

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу