2023-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 322,8 млрд сомду түзөт

27.09.2022, 15:45 Акчабар
2023-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 322,8 млрд сомду түзөт

2023-жылы республикалык бюджеттин кирешелери, анын ичинде мамлекеттик инвестициялык гранттар 322 млрд 766 млн сом же ИДПга карата 34,8% деңгээлинде болжолдонууда. Маалымат Финансы министрлигинин сайтында жайгаштылырган. 

2022-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу республикалык бюджеттин кирешеси 14,4%га, же 40 млрд 653,2 млн сомго көбөйөт.

Республикалык бюджеттин кирешелеринин түзүмүндө 2023-жылы салыктык кирешелер 263 млрд 746,7 млн ​​сомду (ИДПга карата 28,5%) түзөт. Мында Мамлекеттик салык кызматынын салыктык түшүүлөрү 169 млрд 110,8 млн сом жана Мамлекеттик бажы кызматы 94 млрд 635,9 млн сом көлөмүндө болжолдонууда.

Мындан тышкары, республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери 39 млрд 221,9 млн сом (ИДПга карата 4,2%), расмий трансферттердин түшүүсү 19 млрд 797,4 млн сом өлчөмүндө каралган.

Тэги: новости Кыргызстана доходы бюджета прогноз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу