Июнда республикалык бюджеттин кирешеси 1,2 млрд сомго азаят

17.06.2022, 13:08 Акчабар
Июнда республикалык бюджеттин кирешеси 1,2 млрд сомго азаят

Ушул айда республикалык бюджеттин кирешеси 20 миллиард 659 миллион 572,8 миң сом өлчөмүндө күтүлүүдө. Мындай маалыматты Каржы министрлиги билдирди.

Бир ай мурункуга салыштырмалуу киреше 1 миллиард 207 миллион 436,4 миң сомго азаят. Бул Салык кызматы боюнча 733 миллион 885,7 миң сомго жана Бажы кызматынан 451 миллион 234,6 миң сомго, ошондой эле салыктык эмес кирешелердин 22 миллион 316,1 миң сомго азайышы менен байланыштуу.

Мында, бюджеттин план боюнча ээ боло турган ресурстары май айына карата мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу көлөмүнүн 2,6 эсеге өсүшүнүн эсебинен 16%га көбөйүп, 27 млрд 926,7 млн ​​сомду түзөт.

Тэги: бюджет Кыргызстан госдоходы деньги экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу