Республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү, алдын-ала маалыматтар боюнча, ушул жылдын январь-июнь айларында 80 миллиард 767 миллион сомду түздү. Мындай маалыматтарды Кыргызстандын Экономика жана каржы министрлиги келтирди.
Чогултуу планы 4,5% га, же 3 миллиард 458,1 миллион сомго ашыкча аткарылды.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын тийиштүү көрсөткүчүнө салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешеси 28 миллиард 296,6 миллион сомго, же 53,9% га көбөйгөн.